Атазов: Эне тилин билбегендерди эне тилинде ашатып сөккүң келет
RU

Атазов: Эне тилин билбегендерди эне тилинде ашатып сөккүң келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов билим берүүдөгү бир канча кемчиликтерди атады.

Атазовдун айтымында кээбир мектептерде кыргыз тили өгөйлөнүп жатат.

"Билимдин жетишсиздигинен биздин күчтүү балдарыбыз мектепти аяктагандан кийин мигрант болуп кетип калып жатышат. Түшүнүксүз сабактар көп, анын ордуна шыктандыруучу сабактарды, команда менен иштөөнү, сатып кетпөө, тез чечим чыгаруу сыяктуу сабактарды киргизишибиз керек. Айрыкча кыргыз тилин өнүктүрүүгө көңүл бурушубуз керек, себеби өз эне тилин билбеген чиновниктерди көрүп кыжырың келет. Эне тилин билбегендерди эне тилинде ашатып сөккүң келет. Андан сырткары орус, англис тилин сөзсүз билиши керек. Жок жегенде үч тил билсе жакшы болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://wifi-switch.kaktus.media/7188
Notice: unserialize(): Error at offset 147450 of 147456 bytes in /www/kg.kaktus.new/class/class.db.php on line 190